• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Чет элдик жарандан акча талап кылган кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү кармалды 

24 Чын куран 2024 11:34 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында чет элдик жарандан акча талап кылган кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 3000 АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча КР кылмыш чөйрөсүнүн активдүү колдоочусу А.Ю. аттуу жаран колго түшүрүлдү.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө кармалган А.Ю. аттуу жаран кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселени чечүүнү убада кылып, чет өлкөлүк жарандын ишенимине кирип, кыймылсыз мүлктүн документтерин алганы аныкталган.

Чет өлкөлүк жарандын мурда кабыл алынган милдеттенмелерин аткаруу жана кыймылсыз мүлк документтерин кайтарып берүү талаптарынын мөөнөтү аяктагандан соң, А.Ю. өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары, тагыраагы Сузак районунун өзбек калкы жайгашкан бөлүмүндөгү «положенец» деп тааныштырып, чет өлкөлүк жарандын документтерин кайтарып берүү үчүн физикалык күч колдонуу менен коркутуп, кошумча сумма төлөп берүүнү талап кылган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган А.Ю. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 128