• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталды

15 Теке 2020 21:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын территориясынан тышкары убактылуу жашап жатышкан Кыргызстандын шайлоочуларына, жарандардын коомдук уюмдарына, ошондой эле өлкөнүн саясый партияларына кайрылды.

Кайрылууда Кыргыз Республикасынын территориясынан тышкары 38 (отуз сегиз) шайлоо участоктору түзүлгөндүгү айтылат.

Азыркы учурда ушул шайлоо участокторунун курамы жана резервдери түзүлүп жатат. Шайлоо комиссияларынын курамдары чет өлкөлөрдө жашап жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү каралган.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун резервдерине талапкерлерди тандоодо жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышкан тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйналышынан талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндөгү протоколдор, жыйындын төрагасынын жана катчысынын кол коюулары менен тастыкталат. Протоколго жыйындын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган дареги жана кол коюлган тизмеси да тиркелиши керек.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясый партиялардан талапкерлерди сунуш кылуу саясый партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясына саясый партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тиешелүү документ көрсөтүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө:

—          талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмеси;

—          паспорттун көчүрмөсү;

—          иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүүсү камтылган биографиялык маалыматтар (кадрлар бөлүмүнөн жеке баракчасы же резюме);

—          байланыш маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, мобилдик телефону, электрондук почтасы) тиркелет.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан, саясый партиялардан талапкерлерди тандоолор жөнүндөгү протоколдор, Бишкек территориялык шайлоо комиссиясында 2020-жылдын 24-июль, саат 18.00гө чейин, анын ичинде электрондук түрдө да кабыл алынат.

Маалымат үчүн телефондор: +996-312-382-426, +996-701-858-580 (WhatsApp)

Эл. почта:      [email protected]

Количество просмотров: 64