• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чет жерден келгендер үчүн чек арадан өтүүнүн жаңы алгоритми иштелип чыкты

10 Баш оона 2020 16:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-августта Республикалык штаб эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн иштелип чыккан алгоритмди жарыялады.

Маалыматкаылайык,Кыргызстандын аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясын жугузууга жана жайылтууга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында жана убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди жүзөгө ашыруу үчүн жарандуулугуна карабастан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн жактарга, анын ичинде туризм максатында адамдар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилген.

Алгоритмдер адамдардын төмөнкү категориялары үчүн иштелип чыккан:

Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү:

  • учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин бет кап тагынуу, аралыкты сактоо зарыл;
  • аба кемесинде, аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын текшерүү;
  • жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда анын жанында жайгашкан 6-8 орундагылар обсервацияга жатышат. Андан ары медиктердин байкоосунда болот;
  • байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда «Манас» ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;
  • клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.

Чет элдик жарандар же жарандыгы жок жактар (адистер) КР аймагына иштөөгө келгенде:

  • мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт;
  • клиникалык белгилер байкалган учурда ПЦР-тест алынып, ооруканага жаткырылат;
  • клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР-анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып туруулары керек;
  • ПЦР-анализдери терс чыккан учурда аларга жумушка чыгууга уруксат берилет;
  • чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүсү, ПЦР-анализ тапшыруусу жана транспорт чыгымы чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.

КР аймагына автоунаа менен келген жактар:

  • Беткап режимин катуу сактоолору керек;
  • Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;

Ал эми короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшыруу, андан ары ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт. Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.

Количество просмотров: 105