• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чимкирик» деп жазганын мен өзүмө албайм. Депутат Алтыбаева журналистти сотко берет

8 Тогуздун айы 2021 17:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева аны Ош аэропортунда видеого тартып алып, билдирүү жазган авторун сотко берет. Бул тууралуу депутат өзү «Govori.TVга» кабарлады.

Анын айтымында, пост жазган адамдын билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт.

«Өзүнүн постунда туура эмес маалымат берип, туугандары, достору менен келди деп калп маалымат жазыптыр. Бул жигитти мен жеке тааныбайт экенмин жана анын постун тааныштардан уктум. Көрүп эле даро жооп бердим, «мен жөнүндө туура эмес маалымат берип жатасыз деп, учакты мен үчүн кармалып калганын жана ал жерде мен туугандарым менен жүргөнүмдү далилдеп бериңиз» дедим. Андан соң ал дароо постун тазалап, оңдоп коюптур. Мен сотко кайрылам, менин күнөөмдөн улам учак учпай кечиктирилгенин далилдеп берсин. Ал эми «чимкирик» деп жазганын өзүмө албайм. Жөн гана мен тууралуу коомчулукка туура эмес маалымат бергени үчүн сотко кайрылганы жатам. Ал эми учак эмне себептен кармалганын авиакомпания так айтып берет», — деди депутат.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта Оштогу аэропорттун автобусунан тартылган видео тарап, анда учакка депутат Айнуру Алтыбаева унаа менен келип кирип жатканын көрүүгө болот.

Видеону өзүнүн жеке баракчасына жайгаштырган фейсбуктун «Sam Tallasky» аттуу колдонуучусу, «Биз Оштон Бишкекке учуп келдик (Тез 106 рейси) жана биздин автобус талаада 20 мүнөт күтүп турду, себеби «Чимкиричка» Айнуру Алтыбаева автобус менен эмес машина менен тепкичке чейин келди. Жалпысынан алганда, депутаттар элдин кызматчылары жана жөнөкөйлүктүн жана жеткиликтүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүп, эл менен автобустарда жүрүшү керек. Бирок бул биздин чимкириктер жөнүндө эмес», — деп билдирүү жазган.

Количество просмотров: 4576