• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чоң Казат» партиясынын лидери алмашты

16 Баш оона 2020 23:31 Бишкек Govori.TV

«Чоң Казат» партиясынын лидери алмашты. Чечим Бишкекте өткөн курултайда кабыл алынды.

Расмий түрдө лидер катары катталган Турат Акимов жыйында жаңы лидер катары Максат Мамыткановду сунуш кылды. Делегаттар аны бир добуштан колдоду.

Максат Мамытканов «Чоң Казат» алгач кыймыл катары негизделгенде өзүн анын лидерлеринин бири катары тааныштырып чыккан. Кыймылдын аракеттерине байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак да берген эле.

УКМКнын мурдагы Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгын жетектеген. Коомчулукта эксперт катары да белгилүү.

«Чоң Казат» партиясы курултайын расмий түрдө өткөргөн экинчи партия болуп калды. 13-августта «Мекенчил» саясий партиясы кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин БШКга тапшырган.

Количество просмотров: 7578