• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Чоң Казат», «Республика»… БШКга дагы 6 партиядан билдирүү түштү

6 Теке 202019:00 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга «Чоң Казат» жана дагы башка 5 саясий партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөр келип түштү.

«Чоң Казат»саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери Т.Акимов кол койгон.

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Турдалиев Азамат Чинтемирович;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Асакеев Рахат Дамирович.

 “Республика”  саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери  Мирлан Жээнчороев кол койгон.
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Канатбек Мидин уулу;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү —  Тортаева Асель Алтынбековна.

«Кыргызстан жумушчулар партиясы» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери  З.Парманкулов кол койгон.
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Акмарал Нурланбекова;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү —  Дамира Атабаева.

«Актив» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери  К.Иманалиев кол койгон.
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Эмиль Маралов;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү —  Улан Адылчаев.

«Афган согушунун ардагерлери жана башка куралдуу чыр-чатактардын катышуучулары» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери  А.Таштанбеков кол койгон.
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Гульнара Увалиева;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү —  Назгүл Будайчиева.

«Эл биримдиги» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери  З.Эсенаманов кол койгон.
Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Толебай Бекматов;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү —  Какен Шадыканова.

Буга чейин «Мекенчил», «Ата Мекен», «Мекен Ынтымагы» өңдү саясий партияларынан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түшкөн болчу.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 45 күн калганда, тактап айтканда 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди.

Количество просмотров: 70