• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Чогуу спирт ичимдигин ичишкен». Адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

29 Жалган куран 2024 12:00 Бишкек Govori.TV

Кара-Көл милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү саат 04:30 чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Кара-Көл ШИИБдин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу Кара-Көл шаарынын прокурору менен окуя болгон жерге барган учурда 47 жаштагы эркек кишинин денесинен алган жарааттары бар каза болгон жансыз денеси табылган.

Бул окуя Кара-Көл ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмыш ишине шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1980-ж.т. К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү менен каза болгон жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, сөз талаштан уруш чыгып, шектүү каза болгон жаранды уруп койгондугу белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 263