Чолпон-Атада 9 жашар баланы өлтүрүп, шаардын четине таштап кетишкен
Чолпон-Атада 9 жашар баланы өлтүрүп, шаардын четине таштап кетишкен
2 Тогуздун айы 201813:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында белгисиз бирөөлөр 9 жашар баланы өлтүрүп, сөөгүн шаардын четине таштап кеткен. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булак билдирди.
«Баланын сөөгү Чолпон-Ата шаарынын четиндеги тааладан алыс эмес жерде табылды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала маалымат боюнча баланы муунтушкан. Тийиштүү сот-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүү киши белгилүү болду», — деди булак.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмышкерлердин изине автоунаанун дөңгөлөгүнүн изи аркылуу чыгышкан. Булактын айтымында, шектүүлөр эртеңкиге чейин кармалышы ыктымал.
Чолпон-Атада ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн шаар жетекчилери жолугат
27-29-майда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарынын жана шаарларынын жетекчилеринин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу …