Чолпон-Ата шаардын борбордук көчөсү боюнча өтүүчү Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолунун узундугу 3,9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жана жеке China Road and Bridge Corporation компаниясынын күчү менен аткарылууда.
Объектиге 70тен ашык техника жана 180ге жакын жумушчу тартылган. Иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт, деп айтылууда.