• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон-Атанын жолу оңдолуп бүттү

26 Кулжа 202510:06 Бишкек Govori.TV

Балыкчы-Чолпон-Ата -Корумду унаа жолунун 77,5-81,4-чакырымдар аралыгын, тагыраагы узундугу 3,9 чакырымды түзгөн тилкеси (Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү) толук реконструкцияланып, жумуштар жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түздү. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлдү.

«Долбоордо каралган 100дөн ашык суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол четинде лотокторду жана бордюр таштарды коюу, аялдамаларды жана жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайлар менен тротуар куруу, 2 көпүрөнү оңдоо иштери толук жыйынтыкталды. Ошондой эле, Чолпон-Атанын борбордук көчөсүн жарыктандыруу жумуштары аткарылды», — деп жазылат маалыматта.

Жол оңдоо иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы жана “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 146