• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чолпон Султанбекова: 140 гектар жердин эсеби кайда?

15 Жетинин айы 2022 17:28 Бишкек Govori.TV

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынынында Кыргыз -өзбек чек арасын тактоо боюнча маселе каралууда. Анда депутат Чолпон Султанбекова 140 гектар жердин эсеби чыкпай жатканына токтолду.

Анын билдиришинче «өзбек тараптын официалдуу билдирүүсү менен салыштырганда жерден 140 гектар айырма болуп жатат. Бул кандай?»,-деди эл өкүлү.

Жер ресурстары кызматынын башчысы Абдулат Мырзаев мурун бөлүнгөн жерлер кайталанып жазылып калгандыгы менен түшүндүрдү.

Депутат картадан тактап берүүнү талап кылды.

Количество просмотров: 184