• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына карата конференция өтөт

4 Жетинин айы 2019 10:04 Бишкек Govori.TV

СССРдин эл артисти, балет бийчиси, Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына карата Бишкекте илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 4-ноябрда саат 15:00дө А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт.

Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеге тапшырып билим алган. Эмгек жолун 17 жашка толгондо Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштап, ошол эле жылы Москва, Ленинград шаарларына гастролдоп барган. Андан соң бир жыл Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, борбор калаадагы театрда солист болгон. 

Количество просмотров: 41