• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чуңкурчакта президенттин катышуусунда салтанаттуу иш-чара башталды

31 Баш оона 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Иш-чарага Акылбек Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда  XIX  кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара белгиленип жатат.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, тагыраак айтканда “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланууда.


Количество просмотров: 4959