Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары мечитибизди обсервация катары берүүгө даярбыз. Бул тууралуу дин аалымы Чубак ажы Жалилов өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, аталган мечитте баардык шарттар каралган.
Пайгамбарыбыздын (сав) хадисинде: «Ким жалпы элдин көйгөйүн өзүнүн көйгөйү деп билбесе ал бизден эмес!» деп айтылган.Урматтуу саламаттыкты сактоо министрлиги! Урматтуу штаб мүчөлөрү! Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары биздин мечитибизди обсервацияга имарат катары берүүгө даярбыз.
Ибрахим (алейхи салям) пайгамбарды отко салган учурда ар ким колунан келген аракетин көрүп куткаргысы келип жатса бир чымчык оозуна суу толтуруп барып отко төгөт. Аны көргөндөр күлүп: «Ай, сенин ошол сууңа ошончо от өчөбү?» — десе, «Аны билбейм бирок мен колуман келген аракетти кылып жатам. Ар ким колунан келгенине жооп берет» — деген сыңарындай биздин дагы колубуздан келгени ушул», — деп жазган Чубак ажы Жалилов.