• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Чукул билдирүү: Күн катуу ысыйт

6 Кулжа 2023 16:28 Бишкек Govori.TV

7-9-июнь күндөрү  абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градус ысык, Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулайт.

Мындай кургак ысык аба ырайы учурунда күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат. Сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болуу керек. Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып туруусу абзел.

Мындан сырткары  айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат

Количество просмотров: 153