• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чыңгыз Капаров: Кемпир-Абад боюнча жыйынга маалымат гана алайын деп баргам

24 Тогуздун айы 2022 19:19 Бишкек Govori.TV

«Массалык башаламандык уюштурууну даярдоого» айыпталып кармалган активист Чыңгыз Капаров 22-октябрда Кемпир-Абад маселеси талкуу болгон жыйынга маалымат угуу үчүн гана барганын айтты.

Сот залына алынып келинген Капаровдун айтымында, жыйынга ал чакырылган жана маалымат алуу максатында барган.

«Түшүнүксүз болуп калды. Эртең менен келишип үйдө тинтүү иштерин жүргүзүп, мени алып кетишти. Жыйында Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликке кайрылууларды жолдойбуз деген өңдүү гана сөздөр айтылган», — деди ал.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

Ал эми Биринчи май райондук соту кармалган айрым саясатчылардын баш коргоо чарасын карап жатат.

Количество просмотров: 910