• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Чыңгыз-Ордо» музей-комплексинин пайдубалына капсула салынып, курулуш иштери башталды

8 Тогуздун айы 2018 14:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.10.2018.   Govori.TV

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музей комплексинин пайдубалына капсула салынып, курулуш иштери башталды. Бул туурасында  экс-вице-премьер-министр  Даир Кенекеев билдирди.
«Дүйнө элине таанымал, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата, анын туулуп өскөн айылындагы 15 гектар жер аянтына салынып жаткан “Чыңгыз- Ордо” комплекси Кыргызстандын, анын ичинде Талас элинин сыймыктана турган маданий-тарыхый аймагы болот деген ойдомун»,-деп жазган ал.

На данном изображении может находиться: 5 человек, люди стоят и на улице

Маалыматта,  Жогорку Кеңештин төрагасы Д.Жумабеков, депутаттар Р. Момбеков, М.Жээнчороев жана башка белгилүү  инсандардын  катышуусу менен Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылындагы “Чыңгыз ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музей комплексинин пайдубалына капсула салынып, курулуш иштери башталгандыгы айтылат.

На данном изображении может находиться: 5 человек, люди стоят и на улице

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жалпы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Жарлык чыгарылган.
Жарлыкка ылайык, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

 

 

Количество просмотров: 27