• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чынар Капарова КТРКден эфирге качан чыгат? Алайкууга кар жаап, жашоочулары ачка калды.Соңку жаңылыктар 30 03.18

30 Жалган куран 2018 14:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV

Жогорку соттон Капарова Карыпбековду жеңип алды 

Теле алып баруучу, журналист Чынар Капарова КТРдин директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева тастыктады. Анда белгилүү болгондой, 2016-жылдын 12-августунда КТРдин директору Илим Карыпбеков алып баруучуну “Эфирден Сүйүнбай Эралиевди “Эл баатыры”деп туура эмес наам менен атагандыгы үчүн» деген кине менен кызматынан алган. Бирок, чындыгында Сүйүнбай Эралиев Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2006-жылы эле алган болчу. Андыктан, алып баруучу бул айтылган сөз улуу инсандын аброюна шек келтирбесин, антсе да бул үчүн эскертүү же сөгүш берүү гана шартка ылайык болоорун айтып, КРнын Эмгек Кодексине таянуу менен И. Карыпбеводу сотко берген. Эки жыл аралыгында иш Жогорку Сотко чейин жетип, кайра шаардык сотко кайтарылып, акыры, 2018-жылдын 26-мартында Жогорку Сот Ч. Капарованын пайдасына чечим чыгарган. Эми чечим күчүнө кирген күндөн тартып, И. Карыпбеков теле алып баруучуну өзүнүн кызмат ордуна коюп, эки жылдан берки айлык маянасы менен бирге моралдык-материалдык чыгымдарын төлөп берүүгө аргасыз.

Алайкууда калың кар жаады 

Алайкууда электр энергиясы өчүп, жолдор жабылды. Буга калың жааган суу кар себеп болгонун алайкуулук тургун Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, эки күндөн бери тынымсыз жааган кардын калыңдыгы 35 сантиметрге жетип токтоду. Кардан улам электр зымдары үзүлүп, аймактагы Алайкуу, Кызыл-Жар, Ой-Тал айыл өкмөттөрү жарыксыз калган: Дээрлик үч күн болду электр энергиясы жок. Райондун борборуна баруучу жолдор жабык. Айылыбыздагы дүкөндөрдө азык-түлүк да азайып жатат. Азырынча кыйынчылык ушул. Бул маалыматты Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов да ырастады. Анын айтуусунда «Ош электр» ишканасынын адистери маселени чечиш үчүн өрөөнгө жөнөп кетишти

Нарын-Торугат жолу 

Бүгүн Нарын-Торугарт унаа жолунун Сары-Булактан Оттукка чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын-Торугарт унаа жолунун Сары-Булактан Оттукка чейинки бөлүгүндөгү 288-289-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда.»Кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан бүгүн, 30-мартта унаа жолдун жогоруда аталган бөлүгү саат 13:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жабык болот. Кырсыктын алдын алуу максатында трассанын 288-289-чакырымдарында кар көчкү атайылап атып түшүрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 29