Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай башка жакка кетпөө жөнүндөгү тилкаттын негизинде абактан чыкты.
Айдай Турсунбекованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү өтүнүч келтирген.
Андан мурун Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык «Капитал банк» 25-июлда мамлекетке өттү деген маалымат тараган.
Турсунбековдун «Акун» пансионатын иштеткен кызы Айдай Турсунбековага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси («кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 24-августка чейин камакка алынган. Ушул эле күнү аталган сот экс-спикердин дагы бир кызы Бегимайдын эмчектеги 9 айлык баласы бар экенин эске алып, үй камагына чыгарганы белгилүү болгон.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 7-каналга курган маегинде Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу комментарий берип, «Экс-спикерди жана анын үй-бүлөсүн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимге таандык банкты «рейдерлик» жол менен басып алган. Биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт. Булар 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөрткөн. Ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат», — деген.
Кыскасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мамлекетке кайтарылып жатканын, заводдун жерине Мамлекеттик ипотекалык компания үй салып, банкты сатып, акчасы ошол курулушка жумшаларын билдирген.