• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Cоттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзамга кол коюлду

31 Үчтүн айы 2024 12:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Бул мыйзамда Кыргыз Республикасы менен Европа Кеңешине мүчө мамлекеттердин жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга (мындан ары-конвенция) кошулган башка мамлекеттердин ортосунда алар жараны болуп саналган мамлекетте андан ары жаза өтөө үчүн соттолгон адамдарды өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү укуктук базаны түзүү, ошондой эле ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу каралган.

Конвенциянын максаты жазык укугу жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат, ал соттолгон адамдардын адилеттүүлүгүнө жана социалдык реабилитациясына жетишүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Конвенцияга ылайык мамлекеттер соттолгон адамдарды өткөрүп берүү маселелеринде анын жоболоруна ылайык максималдуу даражада кызматташууга милдеттенишет.

Ошондой эле конвенцияда соттолгон адам өкүмдү аткаруу үчүн башка өлкөгө өзүнүн макулдугу менен, ошондой эле кызыкдар мамлекеттердин макулдугу менен гана берилиши мүмкүн экендиги каралган. Соттолгон адам өзү жараны болгон өлкөгө гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Конвенцияга ылайык ар бир тарап (мамлекет) өзүнүн Конституциясына же башка мыйзамдарына ылайык ырайым кылат, мунапыс берет же жазаны жеңилдетет. Өкүм чыгарган мамлекет гана соттун чечимин карап чыгуу жөнүндө кандай болбосун өтүнүч боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.

Мындан тышкары, өкүмдү аткаруучу мамлекет өкүмдү аткарууну токтоткон ар кандай чечим же чара жөнүндө билдиргенден кийин дароо өкүмдүн аткарылышын токтотот.

Жазаны аткаруучу мамлекет өкүмдүн аткарылышына байланыштуу маалыматты өкүм чыгарган мамлекетке берет: ал өкүмдүн аткарылышы бүттү деп эсептегенде; эгерде соттолгон адам өкүмдүн аткарылышы аяктаганга чейин камактан качып кетсе; же өкүм чыгарган мамлекет атайын отчет сураса.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 62