Акыркы сутка ичинде коронавирус менен пневмониянын кесепетинен 11 бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Акыркы суткада көз жумгандар:
▪ Бишкек шаарында 4 адам;
▪ Ош шаарында 1;
▪ Чүй облусунда 1;
▪ Нарын облусунда 1;
▪ Жалал-Абад облусунда 3;
▪ Баткен облусунда 1 адам
Белгилей кетсек, аталган илдеттен жалпы 1420 адам каза болду.