• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен» аталышындагы электрондук китеп жарык көрдү

26 Жалган куран 2021 14:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-мартта «COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен» электрондук китебинин бет ачары болду. Бет ачарга мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, мурдагы вице-премьер-министр, мурдагы саламаттык сактоо министри Дамира Ниязалиева, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдер катышты.

Долбоордун максаты – жарандык коомдун пандемия маалында топтогон тажрыйбасын коомчулукка так жеткирүү. Маектерди журналисттер Кайыргүл Урумканова менен Бактыгүл Чыныбаева топтогон.

Govori.TV мультимедиалык агенттигинин директору Урумканованын айтымында, бул сайттан оорудан сакайып чыккандардын, каза болгондордун жакындарынын маектерин тапса болот.

«Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын эң оор учурундагы абал тууралуу баяндаган электрондук маалымат ресурсунда пандемиянын экономика, билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, медицина тармактарына жана катардагы жарандарга тийгизген таасири жөнүндө жүздөн ашуун маек бар. Алынган маектердин көбү эмоцияналдуу. Интервью учурунда алар менен отуруп ыйлаган учурларыбыз болду. Себеби пандемия учурунда элдер кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн угуу абдан оор болду»,-деди ал.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Covidstories.kg сайтында жарыяланган окуялар жөн гана тажрыйба эмес. Бул баатырдык жана адилетсиздик жөнүндө окуялар. Аларды окуп, эстеп калуу маанилүү»,-деди

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавирус илдети өлкөдөгү көп көйгөйлөрдү оркойтуп чыгарганын айтты.

«Кыргызстандыктардын пандемия маалындагы үнү аталышындагы электрондук китеп ошол күндөрдү эске салып турат. Бир жыл артка кылчая турган болсок, бүгүнкү тажрыйба ошондо болгондо деген ойлор келет. Пандемия бир гана саламаттык сактоо министрлигиндеги мүчүлүштүктөрдү гана эмес, өлкөдөгү көп көйгөйлөрдү оркойтуп чыгарды. Бүгүнкү күндө дагы коронавирустун мизи кайта элек. Өткөндөн сабак алып, алдыга карай умтулушубуз керек»,-деди ал.

«Кыргызстандыктардын пандемия маалындагы үнү» деген долбоорду Борбор Азия Университетинин (БАУ) «Жарандык коомдун демилгеси» программасы ишке ашырды. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги колдоосун көрсөттү.

Количество просмотров: 168