• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

COVID-19: 25 бейтап айыкты

27 Чын куран 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 2, Нарын облусу – 16, Жалал-Абад облусу — 4, Ош облусу – 1, Ош шаары – 2 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 395ке жетти», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 89