• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

COVID-19: Акыркы суткада бир бейтап каза болду

17 Баш оона 202011:28 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада Баткен облусунда бир адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) жалпы 1 миң 496 адам каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 991ди түзөт. Алардын ичинен 34 миң 567 киши айыгып чыкты, 1 миң 496 адам каза болду.

Количество просмотров: 131