• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду

15 Жалган куран 2021 11:18 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 345 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда.

«Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 917 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 875 киши айыгып чыкса, 1 миң 483 адам каза болду.

Количество просмотров: 163