• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

COVID-19 жуктургандарды дарылоого канча каражат сарпталууда? Министрдин жообу…

25 Чын куран 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандарды дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бейтаптардын дарылануусуна кеткен чыгымдардын баардыгы өкмөттүн эсебинен төлөнөт. Башкача айтканда, коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланат. Ал эми атайын буйруктун негизинде Саламаттык сактоо министрлиги кеткен чыгымдарды эсептен чыккан.

«Каражаттарга негизинен дары-дармек, медициналык каражаттар алынат жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн төлөнөт. COVID-19 жуктуруп алгандарды дарылоо оорунун түрүнө жараша төрт бөлүккө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Жеңил формасына кеткен чыгымдын суммасы — 7 миң 988 сомду түзөт. Ал эми орто формасына — 16 миӊ 370 сом жумшалса, оор формасына — 74 миӊ 764 сом кетет, өтө оор формасына болсо — 118 миӊ 807 сом сарпталат», — дейт министр.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 9 жаңы учуру катталып, жалпы 665 учурга жетти. Стационарда 312 адам жатат, алардын ичинен реанимацияда – 6. Ал эми 345 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Количество просмотров: 154