• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

COVID-19дан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керек. Себеби?

5 Тогуздун айы 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

COVID-19 коронавирустук инфекциясынан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционист дарыгери Айнура Кутманова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, башка вирустук инфекциялар сыяктуу эле COVID-19 менен ооруганда иммундук система өзгөчө жабыркайт жана ага кошумча таасир этүү жаңы ооруларга дуушар кылышы мүмкүн.

“Иммуностимуляторлорду алуу иммундук системанын туруксуздугун күчөтөт. Эмне кылуу керек? Иммунитетти көтөрүүчү дары-чөптөр жана башка кошулмаларын колдонууга болбойт. Иммундук системанын калыбына келиши үчүн орточо эсеп менен 2-3 ай талап кылынат. Бул үчүн: 8 саат уктоо, оор жумуштарды аткарбоо, туура тамактануу, күн, сейилдөө, минималдуу стресс. Бирок көптөгөн пациенттер табиттин жоктугунан жабыркашат. Буга байланыштуу белоктордун, майлардын, углеводдордун, минералдардын жана витаминдердин белгилүү бир өлчөмүн камтыган оңой сиңирилүүчү тамактарды колдонууга тийиш, суу ичүү пайдалуу”, — деп айтат Кутманова.

Количество просмотров: 287