• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

CPJ: Кыргызстандын бийлиги Kloop Media басылмасын жоюу боюнча арызын кайтарып алышы керек

29 Баш оона 2023 14:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бийлиги коррупцияга каршы журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Kloop Media басылмасын жоюу боюнча арызын кайтарып алышы керек. Бул тууралуу эл аралык Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 28-августтагы билдирүүсүндө айтылат.

«Кыргыз бийлигинин «Клоопту» жабуу арызы – өлкөдөгү журналисттик иликтөөнү, ичинде жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрдү муунтууга багытталган чектен чыккан жана өтө уятсыз аракет болуп саналат», — деген CPJ программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Количество просмотров: 54