• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Алты эл аралык уюм «Клоопту» куугунтуктоону токтотууга чакырышты

5 Аяк оона 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Алты эл аралык уюм кыргыз бийлигинин «Клооп Медиа» мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти.

Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.
4-сентябрда жарык көргөн билдирүүгө кол койгон алты уюм Евробиримдикти жана Кыргызстандын башка эл аралык өнөктөштөрүн бул кайрылууну колдоп, Кыргызстанга сөз эркиндиги жаатында алган эл аралык милдеттенмелерин сактоону эскертип коюуга чакырышкан.

Кайрылууга кол койгон Freedom Now, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары үчүн эл аралык федерация, Норвегиядагы Хельсинки комитети, Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму, Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм Кыргызстандын бийлигин жарандык коомго, журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга өз ишмердүүлүгүн коркпой-үркпөй жүргүзүүгө шарт түзүп берүүгө үндөдү.

Теги:
Количество просмотров: 48