Бишкекте дөңгөлөк уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 13:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Көк-Жар конушунда унаанын дөңгөлөктөрү уурдалып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын тактаган.
Арыз ээси — 1989-жылы туулган Ш.Т. ошол күнү саат 13:30 чамасында 30-35 жаштардагы эркек киши автоунаасынын дөңгөлөгүн уурдап кеткенин айткан.
Кайгуулчулар ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, көп узабай 1988-жылы туулган В.Е. кармалган.