• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Дүйнө чемпионаты (U-20): Бүгүн балбан кыздар килемге чыгат

19 Баш оона 202510:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 10 салмактык категория боюнча жалпы 186 балбан кыз күч сынашат. Кыргызстандын атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы 5 салмактык категорияда катышат.

Алар:

  • Дилназ Абдыкадырова — 50 кг;
  • Асема Анаркулова — 65 кг;
  • Гүлнура Таштанбекова — 68 кг;
  • Кайыркүл Шаршенбаева — 72 кг;
  • Айжаркын Жаныбекова — 76 кг.

Количество просмотров: 107