Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курамасы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.
«Эл аралык лицензиялык мелдештерге даярдануу үчүн Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөлөрү 26-ноябрдан 12-декабрга чейин Стамбул шаарында (Түркия) машыгуу өткөрүшөт», — деп билдирет агенттик.
Дүйнө кубогуна катыша турган балбан кыздар: