Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 5,2 миллион адамдан ашып, 337 миңден ашуун адам каза тапкан. Ал эми Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык дүйнөдө 5,4 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, алардын ичинен 345 миңден ашыгы көз жумган.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп саналат, анда 1,64 миллиондон ашуун адамдын коронавирус жуктурганы аныкталган. Экинчи орунда Бразилия — (363 миң), үчүнчү — Орусия(353 миң), төртүнчү — Улуу Британия (260,9 миң), бешинчи — Испания(235 миң).