Александр Лукашенко беларус аскерлеринин үчтөн бири Украина менен чектеш тилкеге жөнөтүлгөнүн билдирди. 18-августта Орусиянын «Россия-1» мамлекеттик телеканалына курган маегинде ал Киев Беларус менен чек арасына жакын аймакка кошумча күчтөрүн жайгаштырганын, алардын саны 120 миңден ашуун болгонун, ошол себептен беларус тарап мындай кадамга барганын айтты.
Кийин, Лукашенконун айтымында, украин тарап да, беларустар да чек арага жөнөткөнүн кошумча аскерлерин алып кетип, согуштун башында жөнөтүлгөн бөлүктөрүн гана калтырышкан.
Өлкөнүн батыш чек арасында, «Бресттен Гродного чейин» да коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү маалымдалды.
Ошону менен катар ал Москва менен Киев сүйлөшүүлөрдү баштаса туура болорун белгиледи.