• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: Коронавирус аба аркылуу жугушу мүмкүн

9 Теке 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус аба аркылуу жайылышы мүмкүн деген пикирлерге кошулду. Мындай маалыматты бир катар окумуштуулар уюмду Covid-19 вирусунун алдын алуу сунуштарын жаңыртууга чакыргандан кийин билдиришкенин «Reuters» басылмасы жазды.

«Биз коронавирус аба аркылуу тарашы мүмкүн дегенге кошулабыз. Бул COVID-19дун жугуу жолдорунун бир түрү деп эсептейбиз», — деп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавирус боюнча техникалык директору Мария Ван Керхове брифинг учурунда билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму респиратордук ооруну козгогон COVID-19 вирусу негизинен инфекция менен ооруган адамдын дем алуу органдарынан чыккан кичинекей тамчылар аркылуу жайыла турганын билдирди.

Буга чейин окумуштуулар тобу вирус жабык мекеменин ичинде калган кичинекей бөлүкчөлөр аркылуу аба менен жайылышы мүмкүн деген көз карашты билдиришип, аталган уюмга коронавирустун алдын алуу боюнча сунуштарын карап чыгууну сунушташкан.

Количество просмотров: 222