• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 270 таштанды салуучу контейнер даярдалат

13 Баш оона 2018 16:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2018. Govori.TV

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарына карата 270 таштанды салуучу контейнер даярдалмай болду. Бул тууралуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма-сөз кызматы билдирди.
Бул иш чара айлана чөйрөнү коргоо, уникалдуу жаратылышыбызды, биотүрдүүлүктү тиричилик калдыктарынан, таштандылардан сактоо болуп саналат.
Таштанды салуучу контейнерлерди даярдоо боюнча конкурс Ыссык-Көл-Нарын жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү жергиликтүү фонду тарабынан жарыяланып, ал эми аны каржылоо Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонду тарабынан жүргүзүлгөн.
Жалпы баасы 1 млн. 826 миң 600 сомду түзөт Таштанды салуучу контейнерлерди 100 даанасы “Чолпон-Ата” ат майданына, ал эми 200 даанасы “Кырчын” жайлоосунун оюндар өтүүчү жерлерге коюлмакчы.
Учурда таштанды салуучу контейнерлердин 100 даанасы даяр болуп, ал эми 170 даанасы 28- августка чейин толук даяр болорун маалымат кызматы кошумчалады.
Количество просмотров: 14