• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров учак кырсыгына байланыштуу Ильхам Алиевге көңүл айтты

25 Бештин айы 202414:41 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөм”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде учак кулап түштү. “Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, учак Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан.

Количество просмотров: 135