• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Непалдын президентине көңүл айтты

17 Үчтүн айы 2023 14:32 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Непал Федеративдик Демократиялык Республикасынын президенти Бидхья Деви Бхандариге авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Покхара шаарына жакын жерде авиакырсык болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына, жакындарына жана Непал элине кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, 15-январда Непалда жүргүнчүлүк ATR 72 учагы кыйроого учураган. Борт Непалдын борбору Катмандудан Покхаруга учуп баратып, конууга аз калганга кырсыктаган. Yeti Airlines авиакомпаниясынын төрт экипажы жана учактын ичиндеги 68 жүргүнчү курман болгон.

Количество просмотров: 52