Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
«Кыргыз-Турк ооруканасынан – 1 (аял киши, 1952 жылкы), Талас аймактык ооруканасынан – 1 (1952 жылкы, эркек), Ноокен аймактык ооруканасынан – 1 (аял киши, 1960 жылкы)», — деди министр.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.