Бир сутка ичинде 55 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
“Бишкекте коронавирус – 14 адамдан, Ош облусунда – 4, Чүй облусунда – 20, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Талас облусунда — 3 Баткен облусунда — 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 142 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 61 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.