“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «кворум болгон жок» деп эсептейт. Бул тууралуу депутат Исаев 11-октябрда “Азаттык” менен болгон маегинде айтты. Ал регламент боюнча жыйында кеминде 61 депутат болушу зарылдыгын, жыйынга анча депутат катышпаганын, андыктан “Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышы күмөн жаратарын” белгиледи.
“Жогорку Кеңештин жыйыны кворумсуз өткөрүлдү. Демек, кворум болбогондуктан жыйын мыйзамдуу күчкө ээ эмес”, — деди Исаев.
Ал ошондой эле ишеним каттарга байланыштуу да суроолор бар экенин, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына “Кыргызстан” фракциясынан 10дон ашуун депутат катышпаганын, өзү да эч кимге ишеним кат бербегенин кошумчалады.