Эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан үч бир тууган балдар. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Раяна Марукова менен 11 жаштагы эгиздер Исабек жана Мусабек Маруков аман табылды. Алар Ысык-Көл облусундагы туугандарынын үйүнө кетип калышканы такталып, ошол жактан табылды.
Жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда балдары Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн 24-февралда чыгып кеткен бойдон кайрылып келишпегенин жазган.