• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Даниэль Ажиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

27 Жалган куран 2020 10:52 Бишкек Govori.TV

Жети облуска 1миллион сомдон 7 миллион кайрымдуулук кылган Даниэль Ажиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Белгилүү болгондой анын милиция кызматкерлери кечээ кечинде суракка алып кетишкен.

Маалыматка ылайык, ага 313-беренеси (улуттар аралык, этникалык, расалык кастыкты козутуу) боюнча айып тагылып, камакка алынган.

Ал инстаграм баракчасында жасаган кайрылуусунан соң кармалган, анда Ажиев аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кылган кайрымдуулук ишине карата сындардын айтылуусу боюнча айткан.

Мындан тышкары ал видео кайрылуусунда бир нече кылмыш ишинде катыштыгы бар экенин ачыктаган. Ал вебкам-студиясы барын жана БШКнын депутаты Темирлан Токобековду (ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу) 4 киши каза болгон жол кырсыгында унаасынан чыгарып кеткенин жана Токобеков мас болгонун айткан.

Бул тууралуу коомчулукта ача пикирлер жаралып, айрымдары элди бириктирүүнүн ордуна ИИМдин колдонуп жаткан аракеттери таң калыштуу абал дешүүдө.

Количество просмотров: 1554