• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Данияр Үсөнов Кыргызстандын жараны бойдон

19 Бештин айы 201711:18 Бишкек Govori.TV

Данияр Үсөновдон Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу билдирүү келип түшкөн эмес.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына таянуу менен АКИпресс агентиги жазды.

«Бирок биздин жаран башка өлкөнүн жарандыгын алган болсо, биз анын жарандыгын жокко чыгарбайбыз»,-деди Мамлекеттик каттоо кызматы.

Эске салсак, бир катар ММКлар Данияр Үсөнов Беларусиянын жарандыгын алып, аты-жөнүн Даниил Тимуровича Урицкий деп өзгөрткөнүн жазып чыгышкан.

Мындан улам Беларусиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун нааразычылык акциясы өтүп, Беларусь президенти Александр Лукашенкодон Данияр Үсөновду берүнү сурашкан..

Количество просмотров: 17