• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Дарья Маслова карьерасын жыйынтыктаганын жар салды

2 Тогуздун айы 2021 16:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эмгек сиңирген спортчусу, жеңил атлет Дарья Маслова карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«10 жылдык профессионалдык спорт чоң тажрыйба, позитивдүү эмоция, күчтүү эрк тартуулады. Албетте, ызалануу, кайгыруу жана көз жаш төккөн учурлар болду, эң баалуу ден соолуктан ажырадык. Бирок күнөстүү Кыргызстаныбыздын тарыхына аз болсо да салым кошконума аябай сыймыктанам. Машыктыруучума жөнөкөй бир айылдан келген кызды баатыр кылып өстүргөнү үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жылдар аралыгында ал менин экинчи ата-энем болуп калды», — деп жазган ал.

Ошондой эле спорт тармагында көйгөйлөргө токтолгон.

Количество просмотров: 106