Бишкек.02.12.2018.Govori.TV
Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Кытайдагы Шанхай кызматташтык уюмунун III эл аралык марафонунда коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жазды.
Спорттук таймаш Юньнань провинциясынын административдик борбору Куньминде өткөрүлгөн. Жөө күлүк 42195 чакырым аралыкты чуркаган.
Мелдешке жалпысынан 50дөн ашык мамлекет чакырылып, ага 20 миңден ашуун жөө күлүк катышып, күчтөрүн сынашты.
Биринчи орунду эфиопиялык Гетисо Цэхай Гебрэ, экинчи орунду кениялык Рода Тануи багындырды. Ал эми үчүнчү орунду Дарья Маслова камсыздады.