Бүгүн, 7-августта кыргызстандык спортчу, жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, белгилүү жөө күлүк Дарья Маслова Токио олимпиада оюндарынын марафондук жарышына катышты.
Маслова 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 27 секундда чуркап өтүп, марага 36-болуп келди. Спортчу муну менен Олимпиадалык оюндарын жыйынтыктады.
Марафондук жарышта 27 жаштагы кениялык Перес Депчирчир марага биринчи келип, Токио олимпиадасынын чемпиону аталды. Ал бул аралыкты 2 саат 27 мүнөт 20 секундда чуркап өттү.