Дарья Маслова Азия оюндарында экинчи медалын тагынды
Дарья Маслова Азия оюндарында экинчи медалын тагынды
28 Баш оона 2018 19:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.08.2018.Govori.TV.
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова жайкы Азия оюндарында экинчи медалды тагынды. Ал бүгүн, 28-августта 5 миң метр аралыкка чуркап, атаандаштарынын ичинен экинчи болуп келди.
Мараага биринчи болуп эфиопиялык жөө күлүк 15 мүнөт 8,09 секунд убакытта жетсе, Маслова 15 мүнөт 30,57 секунд убакыт короткон. Ал эми коло байгеге Бахрейндин атынан чыккан эфиоп кызы 15 мүнөт 36,78 секунддагы көрсөткүч менен татыктуу болду.