• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дастан Жумабеков: Пандемия шартында Жогорку Кеңеш элди таштап кеткен жок

7 Баш оона 2020 16:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков пандемия шартында депутаттар элди таштап кетпегенин, маяна, эмгек өргүү үчүн алган акчаларын стационарларга, коронавирус менен күрөшүүгө которушканын Govori.TVга берген маегинде билдирди.

Төраганын айтымында, Жогорку Кеңеш өкмөткө керектүү мыйзамдардын барын кабыл алып берди. Парламент, өкмөт менен президент чакырса, чогулуп, аларга жардам берип, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып берүүгө даяр болчу.

«Жогорку Кеңеш эч убакта элден качкан эмес. Эл көйгөйүн чечип, мамлекетебизде ийгилик болсун деген максат менен күрөш жүргүзүп келет. Пандемия башталган март айынан бери парламентте көп иш аракеттер көрүлдү. Алсак, COVID-19 менен күрөшүүгө ылайыкташтырылган мыйзам, токтомдорду кабыл алып бердик. Ошол эле учурда өкмөткө бир катар сунуштар берилди. Ал эми июнь айынын аягында VI чакырылыштын депутаттарынын акыркы жыйыны мыйзам боюнча 30-июнда токтотулду. Анткени июль айы толугу менен депутаттар жер-жерлерде эл менен жолугат. Бул жылда боло турчу көрүнүш. Пандамия шартында биз элди таштап кеткен жокпуз. Мисалы, эл өкүлдөрү колунан келген жардамдарын көрсөттү. Айрымдары айлык акыларын коронавирус менен күрөшүүгө которду. Коомчулукта Жогорку Кеңеш кетип калды деген пикирлер айтылды, парламент кеткен жок тескерисинче өз ишин мыйзамдуу жасап жатты. Эгер Өкмөт тарабынан бизге керектүү мыйзам кабыл алып бергиле деп премьер-министр тарабынан кат жазылып Жогорку Кеңешти чогулгула десе, биз ошол замат чогулмакпыз. Бирок андай сунуш түшкөн жок деди»,-Жумабеков.

Буга чейин өлкөдөгү абалдан улам коомчулукта «элдин башына мүшкүл түшүп турганда, эл ишенип шайлаган депутаттар каникулга чыгып кеткени элди тоготпогонубу же шылдыңдаганыбы?» деген сыяктуу сындар айтылган болчу.

Количество просмотров: 1205