• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дастан Жумабеков: Пневмония күч алганда өкмөт паникага алдырды

7 Баш оона 2020 19:15 Бишкек Govori.TV

Июль айында өлкөдө пневмония илдети күч алганда өкмөт паникага алдырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Govori.TV берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, март айында Өзгөчө абал кирип, статиситкалык көрсөткүч Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу аз болчу.

«Өкмөт карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин өзгөчө кырдаалдын негизинде иш алып барып жатты. Бирок июль айында пневмония оорусунун күч алышында паникага алдырып, даярдыгы жок экени көрүнүп калды. Өкмөттүн каталары убагы келгенде айтылат. Бул маселе текшерилип, тийиштүү органдарына тапшырма берилет. Бирок ошол учурда өкмөттү чакырып алып, ишине тоскоолдук кылсак туура эмес болуп калмак. Пневмониянын күтүүсүз болгонун өкмөт дагы мойнуна алып жатат»,-дейт Жогорку Кеңештин төрагасы.

Количество просмотров: 1801